www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын лидери Корей жарым аралындагы эң бийик чокуга – корейлер ыйык деп эсептеген Пэктусан тоосуна ат минип чыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, элдик республиканын лидери Пэкту тоосуна биринчи кар жааган күнү ак ат минип чыккан.

Пэктусан – корейчеден “ак чокулуу тоо” деп которулат. Ал Корей жарым аралындагы эң бийик чекит катары саналат. Бийиктиги – деңиз деңгээлинен 2750 метр. Пэктусанга Чхончжи көлү өзгөчө кооздук берип турат, ал болжол менен мындан миң жыл мурун вулкандын атылышынан пайда болгон кратердин ичинде жайгашкан.

Легенда боюнча, мындан 4 миң жыл мурун ушул тоонун башынан байыркы корей мамлекетин негиздеген Тангун түшүп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости