www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болчу сапар алдында Жетим-Тоону иштетүү керек деген коңгуроо кайрадан кагыла баштады. Дал келүү эмеспи? Мындан улам иш сапардын алкагында Жетим-Тоо маселеси козголушу мүмкүн экени коомчулукта талкуулана баштады. 

Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дегендей, бийликтин маалыматтык саясатын жактаган блогерлер, журналисттер, троллдор Жетим-Тоону өзүбүз иштетебиз деген маалыматты коомго сиңирүү вазийпасын башташты. 

Жыландын башын кылтыйтып, элдин кулагын көндүрүп, таратылып жаткан жылма маалыматтардын өзөгү окшош. 

Дээрлик баары: "Жетим-Тоо кенин мамлекет өзүнүн күчү менен иштете турганы маалымдалды. Өзүбүз иштетүүнү кош колдоп кубаттайм. Туура чечим. Жетим-Тоонун өзүн күрөөгө коюу менен насыя алып иштеткенден өтөрү жок. Максатка ылайыктуу, өлкөнүн, элдин кызыкчылыгына каршы келбеген вариант. Мындай зор кенди иштетүүгө керектүү адистерден куржалак эмеспиз. Кудайга шүгүр, акыркы жылдары тоо кен тармагында мыкты адистердин армиясы пайда болду. Ал эми фабриканы ишке киргизип, толук кубаттуулукка чыгарууга керектүү адистерди сырттан чакырса болот. Дүйнөдөгү тоо кен компанияларынын  баары эле ошентишет", - деген өңдүү коёндой окшош пикирлерди жазып, айтып, таратып жатышат.

Демек, чукул арада Жетим-Тоону иштетүү маселеси күн тартибине чыгаары айкын болуп калды. Болгондо дагы президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасачу иш сапарынын алдында, бул маселеге көңүл бурулуп, кенди иштетүү маселеси козголуп жатканы бекеринен болбосо керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости