www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан сотко күчөтүлгөн күзөт астында келди. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Имран Хандын партиясы анын тарапкерлери саясатчы менен тилектештигин билдирүү үчүн сотко чогула турганын жана экс-премьер-министр өзү жыйындан кийин сөз сүйлөөрүн жарыялашты.

Эскерте кетсек, 9-майда Имран Хан коррупция боюнча айыпталып, полиция тарабынан кармалган.

Саясатчынын кармалышынын фонунда өлкөдө бир нече күндөн бери массалык башаламандыктар өтүп жатат.

Ал эми, кечээ 11-майда Пакистандын Жогорку Соту мурдагы премьер-министр Имран Ханды камактан токтоосуз бошотууга буйрук берген.

Жогорку соттун судьялары Имран Ханды үйүнө чыгарбоо чечимин кабыл алып, аны бир суткага Исламабаддагы полиция бөлүмүнө жөнөткөн. Андан соң ал кайрадан сотко алып келинээри белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости