www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада 42 жаштагы аял өз баласын өлтүрүп, аны өлгөндөн кийин сүрөткө тартып алган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 5 жаш баланын сөөгү кылмыш болгон жерден — Рублевский шоссесиндеги батирден табылган.

Маркумдун мойнунан бычактын изи жана муунтуунун белгилери табылган. Окуя болгон жерден кандын изи менен ашкана бычагы табылган.

Шектүү кармалган. Бул факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (“Жашы жете элек баланы өлтүрүү”) боюнча кылмыш иши козголду.

Бир катар ЖМКлардын маалыматына караганда, кармалган адамдын телефонунан анын баласы өлгөндөн кийин тартылган сүрөт табылган.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости