www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенттигине алгачкылардан болуп Абдушүкүр Хамзаев талапкер болду. Ал Экологиялык партиянын төрагасы. Бул тууралуу УзА басылмасы билдирди. 

Абдушүкүр Хамзаев 1973-жылы Сурхандарыя облусунун Узун районунда туулган. Самарканд айыл чарба институтун, кийинчерээк Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын бүтүргөн. Анын адистиги агроном. Айыл чарба илимдеринин доктору, профессор. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн 17 сортунун жана ойлоп табууларга 16 патенттин автору, 270тен ашык илимий эмгектердин автору.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкө башчылыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөрүн жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости