www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22 жаштагы жигит Октябрь РИИБнин төрт кызматкерин “580 сом урдады” деп мойнуна алдыруу үчүн кыйнаган. Убактылуу кармоочу жайга барганда белгилүү болгон. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы Улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов бидирген.  

Ал жигит, оперлердин колунан 30 майда жабыркаган. Уурулуктан тышкары, аны өрттөгөнгө тийешеси бар деп кыйнашкан. Убактылуу кармоочу жайга барган топтун бири Закир Аманбаевдин айтымында, ошол күнү жигит цехте ширетип иштеп жаткан. Ага сырттан чоочун эки адам келип, эшикке сүйлөшүүгө чакырат. Жабырлануучу жигит жанында иштегендерге айтып коюуга жетишпей калат.

“Жабырлануучунун колунда иш кол кабы, ширетүүдөн коргогон бет кабы болгон. Муну менен оперлер жигиттин колунда өрттөөгө жабдыгы бар экен деп калышкан. Ал болгону милицияга кылмыш болгон жер цехтен алыс экенин гана түшүндүрүүгө жетишкен. Бирок, ал жерде эмне болгондугу тууралуу жабырлануучунун өзүнүн так маалыматы жок болчу. Анын жумушу, акчасы жакшы болчу. Ага акча урдоого эч кандай негиз жок болчу. Тескерисинче, көбүрөөк акча табуу максатында, ал кечке цехте болгонго аракет кылчу”, - деп айтты Аманбаев.

Нурдин Сулаймановдун айтымында, жигитти кармоонун бир себеби анын мурда соттолгондугу болушу мүмкүн.

Жабырлануучу билдиргендей, алгач аны башына баштык кийгизип муунтушкан, анда да мойуна алып кол койбой койгондо, сабашкан.

Улуттук борбордун кызматкерлери жана медэксперттер болжолдуу кыйноолорду жана мыкаачылык менен кыйноонун белгилерин аныкташты.

“Жигит өз өмүрүнөн кооптонууда: документтеринин жоктугунан аны азыр СИЗОго алып барбайт. Ал эми Убактылуу кармоочу жайда милициялар кирип-чыгууга болот. Кыйноо тууралуу билдирүүнү ал каалаган эмес. Биз жабырлануучу тууралуу Убактылуу кармоочу жайга барганда, камералаштары анын денесинде тамтык жок тепки жегенин айтканда, байкоосуздан эле билип калдык”, - деп жыйынтыктады З.Аманбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости