www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-декабрда Жогорку Кеңеште бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын аймактарда жашаган жарандардын социалдык төлөмдөрүн инвентаризациялоо боюнча жумушчу комиссия түзүлдү.

Бул боюнча жумушчу комиссия иштеп жатканын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламент жыйынында билдирди.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков депутаттык комиссия өз ишин 30-сентябрда аякташы керек болчу, бирок ишти узартуу боюнча ЖКга кат келе электигин билдирди.

"Биз ошол учурда комитетте министрликтер кошуу керек деп түшүндүргөнбүз. Тизме түзүп, кайсы айылды киргизүү керек, кайсынысы кирбей турганын түшүнүш керек болчу. Баарын бүгүн алып келиш керек болчу. Бирок эч нерсе жок", - деди Өмүрзаков.

Депутат Бактыбек Чойбеков Жогорку Кеңеште жумушчу комиссия түзүүнү сунуштады. Ал Сүйүнбек Өмүрзаковдун сунушу менен 3 ай иштейт.

Натыйжада комиссияга төмөнкүлөр кирди:

- "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы - Надира Нарматова;

- "Ишеним" фракциясы - Марат Мураталиев;

- "Ынтымак" фракциясы - Балбак Түлөбаев;

- "Ыйман Нуру" фракциясы - Динара Ашимова;

- "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы - Айгүл Айдарова;

- "Альянс" фракциясы - Азамат Исраилов;

- "Элдик" депутаттык тобу - Мирлан Саамыйкожо (Кочкор району);

- «Мекенчил» депутаттык тобу – Ырысбек Атажанов (Кадамжай району).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости