www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясатчы Равшан Жээнбеков ачкачылык кармоону токтотту. Бул тууралуу маалымат анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
"Урматтуу мекендештер, мен 27 декабрдан тарта ачкачылык акциясын токтоттум. Акцияны күнөөсүз айымдарды түрмөдөн бошотуу талабы менен баштаган элем. Тилекке каршы максатыбызга жетпедик. Кемпир-Абад маселеси бат эле өлкөдө кимдин ким экенин көргөзөт. Тарых баарын ордуна коёт. Мен жеке эркин, демократиялуу өлкө, жерибиздин бүтүндүгү үчүн күрөшүмдү уланта берем" ,- деп жазган ал.
Эскерте кетсек, буга чейин ачкачылык жарыялаган он киши тамак иче баштаганы айтылган.
Булак: NazarNews.kg