www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖК депутаттары Баткенге жөнөп кетти

Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары Баткен облусуна автобус менен жөнөп кетишти.

Алар чек арадагы кырдаалды жеринен көрүп, Баткендин жабыр тарткан эли менен жолугушарын айтышты. Маалыматтарга караганда, парламентарийлердин сапары дүйшөмбүгө чейин уланат. Болжол менен 10го чукул депутат кетти. Депутат Акбөкөн Таштанбеков Баткенге чейин автобус менен барышарын айтты.

Маалыматтарга караганда депутаттар Шаирбек Ташиев,  Мирлан Самыйкожо, Өмүрбек Бакиров, Акбөкөн Таштанбеков, Жалалидин Нурбаев, Тазабек Икрамов, Максат Сарыбагышев,Нурлан Азыгалиев жөнөп кетти.

Эске салсак, эл өкүлдөрү эртең менентен бери кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жабык жыйында талкуулап жатышкан. Түштөн кийин бир катар депутаттар камуфляж, спорттук кийимчен келишти. Андан соң жыйындан чыгып эле түз автобуска отуруп жөнөп кетишти.

Последние новости