www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 10-декабрда таңкы саат 05:00дөн баштап ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Сосновка постунда кызмат өтөгөн жол кыймылынын тескөөчүлөрүн, Жайыл районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүн күтүүсүз текшерди. Жолго чыкпай иш бөлмөдө отурган кызматкерлерди катуу сындап, кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.

Ошондой эле айдоочуларды жолдо этият болууга чакырып, аралыкты сактап, белгиленген ылдамдыктан ашпоону, коопсуздук курун тагынууну эскертти. Жол тескөөчүлөрүнө мамлекеттик номери көрүнбөй калган автоунаалар “Коопсуз өлкөнүн” видеокамераларына түшпөй кала турганын айтып, номерин тазалатууну тапшырды. Ар бир айдоочу менен маектешип, профилактика иштерин күчөтүүнү белгиледи.

 

Последние новости