www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖККУ катчылыгы чек арадагы жаңжал боюнча билдирүү жасады

ЖККУнун катчылыгы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга тынчсыздануусун билдирди.

Катчылык каза болгон жарандардын жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшө турганын айткан.

"Тараптар чек арадагы оор маселени жөнгө салып, чыңалууну басаңдатып, кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн өз ара ыңгайлуу болгон жолдорду табат деп ишенебиз. Күч колдонуу туура эмес деп эсептейбиз. Жаңжалды сүйлөшүү менен гана жөнгө салыш керек, мындан ары да адам өлүмүнө жол берүүгө болбойт", — деп жазылат маалыматта.

ЖККУнун катчылыгы кырдаалга дыкат көз салып турганы белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости