www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Орусиянын өзөктүк куралын жок кыла турчу нерсе иштеп чыгууда. План боюнча ал өлкө жетекчилиги жооп иретинде сокку уруу боюнча чечим кабыл алганга чейин арсеналдын бир топ бөлүгүн жабыркатканга жөндөмдүү болот. Мындай макала Орусиянын Коргоо министрлигинин "Военная мысль" гезитине жарыяланганын РИА Новости жазды.
Макалада АКШ дүйнөдөгү лидерликти сактап калуу үчүн Орусияны өзөктүк жана стратегиялык өзөктүк эмес курал менен ооздуктап туруу үчүн бир катар чаралардын комплексин ишке ашырууга аракет кылып жатканы жазылган.
"АКШ жакын арада көздөгөнүнө тез жеткен, Орусиянын жетекчилиги жооп иретинде сокку уруу боюнча чечим кабыл алганга чейин РФтин өзөктүк күчүнүн бир топ бөлүгүн жабырката турган стратегиялык өзөктүк эмес куралга ээ болууга умтулууда", — деп жазылат кабарда.
Макаланын авторлору бул Орусиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч жарата турганын белгилешкен. Алардын айтымында, Вашингтондун планында бир эле учурда чалгын жасап, сокку урган стратегиялык ок атуучу куралдардын системасын түзүү дагы бар.
Булак: NazarNews.kg