www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган жарандык активист Атай Бейшенбектин кармалышынын мыйзамдуулугу каралып, райондук соттун чечими өзгөртүүсүз калтырылды.

«Мыйзам үстөмдүк кылбаган коомдо өнүгүү болбойт. Мыйзамдуу, акыйкаттуу, адилеттүү саясатты ар дайым талап кылабыз. Биз мыйзамсыз аракеттерге чакырык жасаган эмеспиз. Ошондуктан, кайсы учур болбосун биз өз принциптерибизден тайбайбыз. Бекем туруңуздар, адилеттүү, ачык бийлик курганга салым кошуңуздар», — деди ал.

Буга чейин Биринчи май райондук соту аны 20-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

23-октябрда Ички иштер министрлиги тарабынан 20 дан ашуун саясатчы жана жарандык активист кармалган. Мындан сырткары Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган болсо, жарандык активист Тилекмат Куреновго издөө жарыяланган.

Бүгүн ошондой эле шаардык сотто активисттер Таалай Мадеминов, Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Таластын мурдагы губернатору Айбек Бусурманкулов, Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова, Нурлан Асанбековдордун баш коргоо чарасы каралары күтүлүүдө.

Булак: Govori.TV

Последние новости