www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүздөгөн каттамдар токтотулуп, көптөгөн банктардын иши токтоп калган.

Дүйнө жүзү боюнча техникалык мүчүлүштүктөн улам байланыш операторлору, банктар жана авиакомпаниялардын иши үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, дүйнө боюнча жүздөгөн каттамдар токтотулуп, көптөгөн банктардын иши үзгүлтүкө учураган.

Австралиянын ABC телеканалы билдиргендей, бул мүчүлүштүктөр дүйнө жүзү боюнча компаниялар менен мекемелер туш болгон техникалык көйгөйлөрдүн бөлүгү. Техникалык маселе америкалык CrowdStrike киберкоопсуздук фирмасына байланыштуу. Австралияда ал Microsoft ноутбуктарында көйгөйлөрдү жаратты, көптөгөн апараттар өз алдынча өчүп-күйүп, экран көгүлтүр бойдон калган.

Австралиянын WA Today гезити төлөм системалары, анын ичинде Apple Pay да катачылыктан жапа чеккенин жазды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости