www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хива шаары 1990-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилип, 1997-жылы 2500 жылдыгын белгилеген.

Өзбекстанда мамелкеттик сапары менен жүргөн президент Садыр Жапаров өлкө башчы Шавкат Мирзиёевдин коштоосунда Хива шаарындагы "Ичан-кала" мамлекеттик тарыхый-архитектуралык музей-коругуна жана "Нуриллабой сарайына" барды. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.

Ичан-кала — Борбор Азияда сакталып калган жалгыз эстелик шаар. Анда 120дан ашык архитектуралык эстелик жайгашкан. "Ичан-Кала" мамлекеттик тарыхый-архитектуралык музей-коругунда 14 стационардык музей бар.

"Нуриллабой сарайы" XX кылымдын башында курулган. Комплекске медресе, галереялар менен байланышкан 100дөн ашык бөлмө кирет. Негизги бөлмөлөр каминдер, венециялык күзгүлөр жана хрусталь илмектери бар алтын жалатылган коло асма шамдар менен кооздолгон. Бүт комплекс узундугу 650 метрден ашкан бийик дубал, Хива мунаралары менен тосулган.

Хива шаары 1990-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилип, 1997-жылы 2500 жылдыгын белгилеген. 2020-жылы шаар Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору, 2024-жылы ислам дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыяланган.

"Ачык асман алдындагы музей" деп аталган жайга президенттер жубайлары менен барышты.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапары кечээ, 18-июлда, башталган. Анын алкагында бир катар маанилүү иш-чаралар уюштурулган.

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости