www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеӊештин жыйынында Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусунан ажыратуу үчүн Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогоку Кеңешинин атайын комиссиясы түзүлдү.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков бул маселе комитетте «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер жөнүндө» мыйзамдын 12-беренесинин жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 33- беренесинин негизинде каралгандыгын маалымдады. Ошондой эле экс-президент статусунан ажыратуу үчүн Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси жана Жогорку Кеӊеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын  корутундусу болгондо гана Жогорку Кеӊештин көпчүлүк депутаттарынын добушу менен чечилиши керектиги айтылды.

Жыйын жүрүшүндө комиссия курамы дагы бекитилди. Ага ылайык, комиссия курамына КСДП фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, «Республика – Ата Журт» фракциясынан Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, "Кыргызстан" фракциясынан Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Алтынбек Жунус уулу, «Бир Бол» фракциясынан Бактыбек Турусбеков, «Ата Мекен» фракциясынан Каныбек Иманалиев кирди.

Комиссиянын иштөө мөөнөтү 7 күн деп белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости