www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңеш Атыр Абдрахматованы Акыйкатчы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берди.
Буга чейин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы аны кызматтык милдеттерин аткарбаганына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотуу чечимин чыгарган. 19-апрелде депутаттар Абдрахматованын 2022-жылга карата отчетун угушкан.
Депутат Адахан Мадумаров акыйкатчыны кызматынан бошотууга каршы чыкты. Анын пикиринде, фракциянын чечими негизсиз.
Спикер Нурланбек Шакиев бардыгы регламент боюнча жүрүп жатканын айтты. Анын айтымында, бүгүнкү жыйынга акыйкатчы Атыр Абдрахматова чакырылган.
Абдрахматова бул кызматта 2022-жылдын февраль айынан бери иштеп келген.
Булак: NazarNews.kg