www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башаламан эле абал. Тоок уурдагандар тутулуп, миллион уурдагандар кутулуп жатат. Токочтуу бала сүймөнчүктүү болуп, элдин ырыскысына кол салгандар мыйзам чегинде жоопкерчилик тартышыпай жеңил кутулуп жатышат.
Ырасында, миллиондоп, миллиарддап уурдагандар, сиңирип кеткенден кийинкисин "кусуп" берип, жоопкерчилик тартпай, абакка жатпай эркиндикке чыгып кеткен өнөкөткө айланды.
Мына Токмоктун мурдагы мэри Урмат Самаев мамлекетке 130 миллион сом зыян келтирди делип камалып, болгону 25 миллион сом төлөп чыгып кетти.
Айып төлөп жаткан соң, кылмышын мойнуна алганы эмеспи. Демек, олчойто жеп, жегенинин 5тен бирин кусуп берсе, ошол кусундуга эл ыраазы болуш керек тура. Бул мыйзамсыздык. Түшүнүк менен жашаган жакшы эмес.
Элдин ырысын жегендер сиңире албай ич күптүү болуп кусканын эл жейби? Эл "коррупционерлердин кусундусун" жеп жашап калабы?
Булак: NazarNews.kg