www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шакиев: 90 депутаттын баары сабаттуу

Бүгүн, 3-майда депутат Адахан Мадумаров акыйкатчыны кызматынан бошотууга каршы чыкты. Анын пикиринде, "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын чечими негизсиз жана мыйзам бузулуп жатат.

"Парламенттин бир фракциясы бошотсун деп чечим чыгарса, баарыбыз макул болгонубуз туура эмес. Статистика комитети болуп", - деди Мадумаров.

Буга төрага Нурланбек Шакиев депуттардын баары сабаттуу деп эсептээрин билдирди.

"Элдин добушун алып, тандалып, иргелип, сабаттуу, тажрыйбалуу экенин эске алынып шайланган депуттар отурат бул жерде. Жогорку Кеңеш сабаттуулугун көргөзүп эле келе жатат", - деди Шакиев.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Атыр Абдрахматованы Акыйкатчы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости