www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламент депутаттары тарабынан Акылбек Жапаровду өкмөт башынан кетирүү талабы коюла баштады. Бир катар сын-пикирлер коомчулук тарабынан да айтылууда. Ээрден көчүк кылтындай баштаганда, жөн жерден шамал сокчу эмес эле. Ак үй ичиндеги тар чөйрө козуй баштаптыр. Эгерде Акылбек Жапаров отставкага кетсе, ордуна финансы министри Алмаз Бакетаевдин дайындалары ыраспы? Албетте, бул азырынча сөз жүзүндө. А биздеги саясаттын оролунан алсак, ириде талкууга жем таштап, андан соң реалдуу чындыкка айланып кетчү эле. Көрө жаталы...

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Садыр Жапаровдун өтө ишенген адамы Акылбек Түмөнбаев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун отставкасын талап кылды. Анын айтымында, Министрлер кабинети Кыргызстандагы капиталдык салымдар боюнча депутаттарга отчет беришкен эмес: “Эгерде министрлер жана алардын орун басарлары жашыруундуулукка шылтап, аткарылган иштер боюнча отчет бере албаса, анда кетишсин. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров да кетсин. Мындай демилгени «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы буга чейин көтөргөн. Канча акча эмнеге кеткенин, канча түшкөнүн айта албаса, капиталдык салымдардын баасын чечмелей алышпаса кетсин. Менин сунушум боюнча протоколдук тапшырма берүүңүздөрдү суранам», — деди Акылбек Түмөнбаев.

Депутаттын айтымында, өткөн жылдын май айында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарын комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун алкагында республикалык бюджеттен 2 миллиард сом бөлүү чечими кабыл алынган: «2022-жылы 885 миллион сом бөлүнсө, анын 620 миллиону өздөштүрүлгөн. Кыш келгенине байланыштуу 265 миллион сом Каржы министрлигине кайтарылган. Ушул жылдын 22-мартында 1 миллиард 385 миллион сом бөлүү боюнча буйрук чыккан. Бирок май айы болду, убадаланган каражат азыркыга чейин бөлүнө элек», — деди эл өкүлү.

Буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы Министрлер кабинетинин отставкасы боюнча чечимди Жогорку Кеңештин төрагасына жана тиешелүү комитетке тапшырган. Жапаров цирктин имаратынын катарындагы борбордогу эң чоң ресторандык комплекстин, ошондой эле, “Айчүрөк” ЦУМунун бир аз төмөнүрөөк жагында жайгашкан 9 кабаттуу административдик имараттын кожоюну болууга кантип жетишкен? Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго карата коомчулукта ишенбөөчүлүк, сын пикирлер күчөп баратат. Ишмердиги, жыйнаган дүнүйө-мүлкү шек санатууда. Акылбек Жапаровго карата коомчулукта ишенбөөчүлүк, сын пикирлердин күчөп баратканы – бул мыйзам ченемдүү эле нерсе. Бул кишинин бир эле “жакшы” сөзү бар: “Ваше превосходительство, Курманбек Салиевич!” деген. Бул – кошоматчылыктын жеткен чеги да! Мындан 40 жыл мурун Африка мамлекеттери ХИПИКке кирген. Ошондо кийген чүпүрөктөрү алигүнчө үстүлөрүнөн түшө элек. Алардын алтын, ж.б. кен байлыктарын чыгарып кетишкен... Ошол мандемге, жакырчылыкка Кыргызстанды сатып жибергенге, шарт түзгөнгө Акылбек Жапаров аябай аракет кылып, аз эле жерден калганбыз. Коомчулук бул терс көрүнүштү унутуп бараткансыйт. Акылбек баатыр кайсы бийлик келбесин тилин таап, жармашып иштеп жүрөт.

Бирок, азыр Садыр Жапаров муну туура пайдаланып атат, элди алдоо көрөңгөсүнөн улам. Анткени, Акылбек Жапаров любой адамды жардан ары түрткөнгө жарайт. Баары бир арты жакшы менен бүтпөйт. Бир топтон бери Кумтөр кенинин айланасында кызуу талаш-тартыштар жүрүп жатат.  Өз кезегинде “10 пайыздык Мистер” деген ат менен эл оозунда таанылган экстра класстагы шылуун Акылбек Жапаров башкы каарманы болгон. Саал кийинчерээк өзүнөн башкалардын бардыгын күнөөлөө менен отко майды Аскар Акаев дагы тамызды.

Акылбек Жапаровдун чуулгандуу өткөн чагын жана авантюристтик кулк-мүнөзүн билгенден улам, ошондой эле, Акылбек Жапаровдун өмүр бою бюджеттик тармакта иштеп, байманасы ашып-ташыган, керек болсо, Атамбаевди параметрлер боюнча алганда, четке таштаган күркүлгө айланганын эске албай туруп, мен ачык булактарда болгон маалыматтарга таянса болот. Анткени, макулдашууга 1992-жылы кол коюлганын, үлүштүн катышы КРдыкы 66.67%, канадалыктардыкы 33.33% болгондугун эске сала кетүү зарыл.

2007-жылы бул боюнча «Лица» гезити мындай деп жазган: 1992-жылы КРнын премьер-министри келишим түзүү үчүн Торонтого учту. Тендерсиз… Ошентсе дагы, анда сегиз ири компания тоо кенин өздөштүрүү боюнча өз кызмат көрсөтүүлөрүн сунушташкан. Ал эми "Камеко" адегенде бизге жыл сайын 400 тоннага жакын уран сатып алуу сунушу менен кайрылган. Ошондой эле, арада ал кыргыз бийлигинен канадалыктарга алтын иштери менен алектенүүгө макулдук берүүсүн өтүнгөн. Бирок, премьерибиз Торонтого учаар алдында 1992-жылы Кыргызстанга биздин өлкөдө кеңири белгилүү Борис Бирштейн келген. Мына ошондон кийин гана "Кумтөр" долбоору кучагын жая баштаган.

Андан ары гезит: «2003-жылдын декабрында, долбоорду реструктуризациялоо башталганда, кайрадан эле Торонтого Финансы министрлигинин статс-катчысы Эмирлан Торомырзаевдин төрагалыгы менен жумушчу топ учуп барган. Жана кызыктуу жагдай, бул топ Торонтодо реструктуризациялоо боюнча принципиалдуу өбөлгөлөр жөнүндө макулдашууга кол коюшкан, антсе дагы, алардын буга ыйгарым укугу болгон эмес. Экинчи дагы бир кызыктуу жагдай, топтун курамына Минфиндин мамлекеттик инвестицияларды тартуу боюнча башкармалыгынын башчысы-финансы министринин кеңешчиси Айдар Акаев дагы кирген. Андан кийин бул макулдашуу 2003-жылдын 31-декабрында өкмөттүн отурумунда кабыл алынган имиш» деп жазат.

«Азыр биз бул күнү өкмөттүн эч кандай отуруму болбогондугун эң сонун билебиз. Өкмөттүн чечими талаш жол менен кабыл алынган. Анан калса, өкмөт мүчөлөрү материалдар менен таанышышкан эмес», - цитатанын соңу.

2004-жылы Жогорку Кеңештин токтомун айланып өтүп, өкмөт канадалык компания менен макулдашат, мунун негизинде канадалык компания толтура таштанды активдерди киргизип, ошону менен өзүнүн үлүшүн 67%га чейин жеткирет. Коом арийне, Акаевдин режиминин канадалык тарап менен бул адилетсиз жана пайдасыз макулдашуусун кызуу талкуулап баштайт. Айтмакчы, Акылбек Жапаров бул макулдашууну даярдоо боюнча комиссияга кирген. Ошол эле убакта Кыргызстандан Кумтөрдөн алынган жогорку сапаттагы алтындын бир жарым тоннасы чыгарылып кеткен жана Австриядан чыккан аферисттер, биздин мурдагы мекендештер бир тууган ага-ини Толстуновдор Аскар Акаевдин кызы менен бирге Венада Ош базарда картошка саткансып, алтынды сатып турушкан. Бул жөнүндө ЖМК далай ирет жазды. Эми кайрадан темага кайрылсак.

2005-жылдагы революциядан кийин Кумтөр маселесин эч ким жаба албай калды жана жаңы бийлик иштин маңызында көз карандылыкка жеткирген макулдашуу боюнча кырдаалды кантип өзгөртүү жөнүндө ойлонууга киришет.

Ошентип сценада кайрадан Акылбек Жапаров пайда болот. Ал өзүнүн досу-партиялашы ошол кезде КРнын премьер министр болуп турган Атамбаевди аны Кумтөр боюнча комиссиясынын төрагасы кылууга көндүрөт. Ал ошентип жыйынтыгында Алмаз Атамбаев кол койгон келишимди даярдайт. Бирок, парламент адегенде анын шарттарын канааттандырарлык деп таппагандыктан, ратификациялабайт. Ошентсе дагы Жапаров мырза келишимди мактап, ошол эле учурда Бакиевке жагалдана калганды унуткан жок. Ооба, Акылбек ошондой тубаса жалагыч болуп туулган экен. Ал ошол эле убакта Кумтөр боюнча жаңы макулдашуу боюнча дайыма пикирин айтып жүрдү. Анын цитаталарын келтирсек: «Бул жарышта бир гана туура чечим бар жана бул Президенттин саясаты», "Эгерде мамлекет башчысы бул маселени өзүнө калтырып койсо, анда баары тең маселе мурдагы учурдагыдай эле чечилип жатат деп эсептеп калышмак".

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости