www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандагы коррупция көйгөйүн талкууланат. Парламент төрагасы Дастанбек Жумабековдун айтымында, жемкорлукка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселеси 5-декабрдагы жалпы жыйындын күн тартибине кирди.
“Республика “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев “Кыргызстандын ички жана тышкы коопсуздугу боюнча өкмөттүк саат же өкмөттүк күн өткөрүүнү сунуш кылганын, бул кылдат маселе болуп жатканын” эскертти.
Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы Коопсуздук кеңешинин жыйынында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын форматын өзгөртүш керек экенин, бул кызмат милдетин аткарбай жатканын айтып, анын өкүлдөрүн "кол тийбес кастага айланды" деп сындаган.
Булак: NazarNews.kg