www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева баштаган жумушчу топтун мүчөлөрү мамлекеттик жөлөк пулдар боюнча мыйзамдын аткарылышын көзөмөлгө алуу максатында Нарын облусуна иш сапар менен барды.
Сапардын алкагында жергиликтүү эл менен жолугушуп, аталган мыйзамдын аткарылышына байланышкан көйгөйлөрдү укту.
Жолугушууда майыптыгы бар жарандарга берилүүчү жөлөк пулду 18 жашка чейин деп чектебей, өмүр бою төлөөнү айрым ата-энелер суранышты. Ошондой эле жөлөк пул алууда чогултулуучу документтердин саны 25ке чейин экени айтылды. Мындан сырткары, бир катар социалдык маселелер да көтөрүлүп, акыркы жылдары жалгыз бой энелердин саны эбегейсиз артып жатканы белгиленди. Алар балдарын бала-бакча, мектепке орноштурууда бир топ кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканы да кошумчаланды. Андыктан аялдарды иш менен камсыздоо чаралары иштеп чыгарылса деген сунуштар берилди.
Өз кезегинде Төраганын орун басары Аида Касымалиева жөлөк пул берүү маселеси Жогорку Кеңештин көзөмөлүндө экенин белгилеп: “Жолок пулдарды алууда мамлекет тарабынан бир кыйла иштер жасалууда. Алсак, ички мигранттар катталган гана жеринен эмес, жашаган жеринен документ тапшырып жөлөк пул ала алат. Ал эми майыптыгы бар балдарды баккан ата-эне же алардын жакындарына аз да болсо эмгек акы төлөнүп бериле баштады. Буга чейин пенсионердин пенсиясы дагы эсептелип, неберелерине жөлөк пул чегерилбей келген болсо, ал да жокко чыгарылды. Эми мурдагыдай эскилиги жеткен унаа же сыналгы, муздаткычтар дагы эсепке алынбайт. Болгону үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн кирешеси 900 сомдон ашса аларга берилбейт”, – деди. Тагыраагы, жөлөк пул - көп балалуу үй-бүлөлөргө эмес, аз камсыз болгондорго ылайыкталганын Тораганын орун басары Аида Касымалиева билдирди.