www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги Жолдош Орозовдун революция боюнча оюн укту.
--Жолдош мырза, ыгы келсе да, келбесе да революция дей берип, революционерлердин кадырын кетирип алган жокпузбу?
--Чынын айтыш керек революцияга катышканы деле катышпаганы деле баатырмын дей берип, өздөрүнүн да 2010-жылы болгон 7- апрелдеги революциянын да баркын кетирип бүтүштү. Ал турсун жыл өткөн сайын курман болгон балдар унутулуп, керт башын ойлогон жасалма баатырлар пайда боло баштады. Революцияга эч кандай тиешеси жоктор баатырлыкты жамынып, Ак үйдүн алтынчы кабатынан орун алып иштеп да алышты. Мурдагы бийлик да революция кылган эр азаматтардын баатырдыгына жамынып элдин ырыскысын каалашынча жеди. "Өзүмдү- өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем " дегендей миллиарддарды уурдашты. Кыргызстанды каалагандай калчашты.
--Чыныгы революционерлердин эмгеги бааландыбы?
--Бааланган жок. Чыныгы революционерлер төш кагып, өзүнө эстелик тургузуп алмак турсун Убактылуу Өкмөткө да, Атамбаевге да кызмат сурап барган жок. Бийлик да алардын эмгегин эске алган жок.
--Алар кимдер?
--Токтайым Үмөталиева жана Асылбек Чолпонбаевдер. Булар Алиясбектей болуп, өздөрүнө эстелик тургузуп алмак турсун, мурда кандай болсо, азыр да ошондой жөнөкөй бойдон калышты. Алиясбек болсо жосунсуз жорукту баштап, өзүнө эстелик койдуруп алып, коомчулуктун сынына кабылды.
Булак: NazarNews.kg