www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн” тынчтык жүрүшкө чыккандардын активдүү мүчөлөрүн милиция автобуска салып кармап кетүүдө. Бул тууралуу ошол жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчылары маалымдады.

Жөө жүрүшчүлөр бүгүн саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн деген ураан менен Дайыр Асанов багынан Уркуя Салиеванын эстелигине барышмак. Иш-чара катышуучуларын Абдрахманов/Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде милиция тосуп чыкты.

Коомдук ишмер Равшан Жээнбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, милиция кызматкерлери депутат Каныбек Иманалиевди, активисттер Мавлян Аскарбеков менен Айбек Мырзаны автобуска салышты. Ал кармалгандар арасында жөө жүрүштүн башка мүчөлөрү бар болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Анткен менен жөө жүрүш катышуучулары Уркуя Салиеванын эстелигин карай жүрүштү улантарын билдиришти.

Эртең менен Саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн тынчтык жүрүштүн катышуучуларына Свердлов райондук соту маршты негизги жолдо өткөрүүгө тыюу салган чечим чыгарганын милиция маалымдаган.

Ушул тапта милиция эмне себептен жөө жүрүштүн айрым катышуучулары кармалганын расмий кабарлай элек. Активисттер марштын катышуучулары чоң жолго чыгып кеткени үчүн кармалышы мүмкүндүгүн айтууда. 

Булак: "Азаттык"

Последние новости