www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жетекчиси АКШнын жетекчилигинин доору аяктап келе жаткандыгын баса белгилеп, Кытайга карата күчтүү стратегияны талап кылды. Бул тууралуу Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча өткөн жыйында билдирди.
“Аналитиктер көптөн бери АКШ баштаган дүйнөлүк тартиптин аяктап баратканын жана Азиянын доору келгенин айтып жатышат. Бул окуя азыркы учурда биздин көз алдыбызда болуп жатат”, - деди Жозеф Боррель.
Ошондой эле, ал Кытайдын күчү өсүп жаткандыгын, Брюссель менен Пекиндин мамилелери ар дайым эле ишенимге жана эки тараптуулукка негизделбей келерине токтолду.
“Кытайга жамааттык мамиле жасаганга бизге бир гана мүмкүнчүлүк керек. Бул ишти ишке ашырууга ЕБ менен Кытайдын кийинки жолугушуусунда мүмкүнчүлүк болот. Азиянын калган өлкөлөрү менен жакшы мамилени талап кыла тургандай Кытай үчүн күчтүү стратегияга ээ болушубуз керек”, - деп Боррель сөзүн жыйынтыктады.
Булак: NazarNews.kg