www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектеги жол кырсыктын видеосу менен бөлүшүп жатышат.

Видеонун автору чырдан кийин аял күйөөсүнөн унаа менен качып кетүүгө аракет кылганын, бирок күйөөсү Хонда Фитке жармашып алганын айткан. Аял унааны айдаган бойдон чоң жолго чыккан. 

Видеодон көрүнгөндөй, аял унааны башкара албай калып, унаанын үстүндөгү киши менен арыкка кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен киши унаадан оодарылып, дубалга тийген. Бирок бул ордунан туруп, аялынын артынан чуркоого тоскоол болгон эмес. Окуяга күбө болгондордун кийлигишүүсүнө чейин ал аялды бир нече жолу чапканга жетишкен.

Окуя боюнча Биринчи Май РИИБ маалымат берип, факты катоого алынганын билдирди. Учурда видеодогу жарандар изделип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости