www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомдук транспортто элдер ар дайым эле бири-бири менен уруша бербейт. Бирок, дал ушул жайда көп учурда адамдардын көйгөйлөрүн аргасыздан угасың. Ал эми бул жолу Бишкекте №175-маршрутканын айдоочусун жүргүнчү кыз уят сөздөр менен сөккөндүгү интернет желесинде абадай тарап, эл эки жаат болуп комментарийлерин калтырып жатышат. Бул тууралуу видео интернет тармагына жарыяланды. Аталган коомдук транспорттун айдоочусу, жол эрежесин бузуудан баш тартып, жүргүнчү каалаган жерге токтобой, аялдамага барып токтогон. Буга ачуусу келген кыз,”Эмне биз Германиядабызбы? Эмне эле өзүнчө идеальныйсыңбы?”, - деп уят сөздөр менен сөккөн.
Дегеле кыргызга эч нерсе жакпайт. Жаңы киргизилген долбоордун алкагында азыр канча деген бузуулар болбой калды дешет адистер. Бул айдоочуларга да жөө жүргөн жүргүнчүлөргө дагы шарттар түзүлдү. Болгону мыйзамды жана эрежелерди гана сактоо керек.
Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 12-февралдан тартып борбордогу көчөлөргө видеокөзөмөл коюлган.
Булак: NazarNews.kg