www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Канышай Мамыркуловага сот өкүмү чыкты

Бишкектин Октябрь райондук соту 3-июлда журналист Канышай Мамыркулованы коюлган айып менен күнөөлүү деп таап, 4 жыл пробация жазасын берди. Журналист сот залынан бошотулду.

Абактагы журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча сотто прокурор журналистти 8,5 жылга эркиндигинен ажыратууну сураган.

Бишкек ШИИБ маалымат таратып, массалык башаламандыкка чакырыктарга жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектүү кармалганын билдирген.

“Социалдык тармакта мониторинг жүргүзүү учурунда, Фейсбук социалдык тармагынан кыргыз-тажик чек арасы боюнча жалган маалыматтарды таратып, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен Кыргыз Республикасынын аймагында массалык баш аламандыктарды уюштурууга багытталган чакырыктарды, ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн жана Кыргыз жарандарынын ортосундагы улуттар аралык кастыкты козуткан аракеттерди жасаган Канышай Мамыркулова аттуу колдонуучу аныкталган.

Маалымат соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу менен тастыкталып, борбордук милициянын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандыктар) менен кылмыш кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында 1975-жылы туулган шектүү аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ушул эле жаран мурда орун алган кыргыз-өзбек республикаларынын ортосундагы чек ара маселелери боюнча дагы коомчулукту адаштырып, коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, ал боюнча дагы учурунда жоопкерчилиги каралган. Учурда бул кылмыштуу аракеттерге катыштыгы бар атуулдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам-иликтөө иштери улантылууда”, — деп айтылган милициянын маалыматында.

Последние новости