www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектелген 23 жаштагы жаранды кармашкан. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын 17-октябрь куну Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге М.Т. атту жаран кайрылган, себеби белгисиз адамдар телефон аркылуу өзүлөрүн Кыргыз Республиканын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынынын жана Улуттук банктын кызматкерлерибиз деп тааныштырып жана алдоо жолу менен ишеничине киришип, 825 мин сом акчасын котортуп алгандыгы тууралуу билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза Кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү 2002-жылы туулган А.Х., аттуу жаран аныкталып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Милициядан сөз учурда Кыргызпатенттин басма сөз катчысы кызматын аркалаган, журналист Мээрим Ташибекова тууралуу болуп жатканын билдирди.