www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарынбек Идиновду (Нарын Айып) акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 15-февралда саат 10:30да болот. Белгилүү журналист менен коштошуу Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан 1/4 үйдөгү, 90-батирде өтөт.
Нарын Айып кечээ, 13-февралда Бишкекте 73 жашында көз жумду.
Нарын Айып (Идинов Нарынбек Айыпович) 1952-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган.
1969-жылы Бишкектеги №44 орто мектепти аяктап, 5 жылдан кийин Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин 1974-жылы кызыл диплом менен бүтүргөн.
1975-1993-жылдары илимий кызматкер болуп иштеген.
1993-жылдын башында ошол кезде Мюнхен шаарында жайгашкан “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна чакырылып, интервьюдан өтүп келген жана анын аралыгында Бишкекке убактылуу келип, 1993-жылы апрелден октябрга чейин “Res Publiсa” эркин гезитинде башкы редактордун орун басары болуп иштеген.
1993-жылдын ноябрынан тартып Мюнхенде “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматында иштей баштаган жана 1995-жылдан тарта (радио Мюнхенден Прагага көчкөндөн соң) 2002-жылга чейин ал кызматтын редактору болуп эмгектенген.
2008-2010-жылдарда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинин директору, 2010-жылдан 2014-жылга чейин Бишкектеги Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) “Ала-Тоо” маалымат-аналитикалык дирекциясынын директору, 2014-2015-жылдары НТС телеканалынын аналитикалык программаларынын баш редактору, 2015-жылы "Вечерний Бишкек” гезитинин саясат боюнча шеф-редактору болуп иштеген. 2015-жылы Zanoza.kg сайтын чыгарган “ПроМедиа” коомдук фондунун үч негиздөөчүсүнүн бири болгон (калган экөө — Геннадий Кузьмин жана Дина Маслова).
Андан кийин Кыргызстандагы бир катар медиаларда кызмат кылып, кийин 5-каналда, "Назар Ньюс" маалымат агенттигинде эмгектенген.
Өмүрүнүн акыркы кездеринде “Жетинчи каналда” иштеп жаткан.
Нарын Айыптын артында аялы Нуржамал Идинова, төрт кызы калды.
"Назар Ньюс" маалымат агенттигинин эмгек жамааты маркумдун жакындарына көңүл айтат.