www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биринчи Май райондук соту 43 жаштагы журналист Зулпукар Сапановду актады.
Белгилей кетсек, 2016-жылдын июнь айында «Кыдырлар» уруусунун санжырасын чагылдырган «Кыдыр санжырса» китебин чыгарган. Сапанов арабдар менен еврейлерден кыргыздарга белгисиз жандык – Кудай жөнүндө таңуулап жатабы деп сурагысы келген. Бул китеп кээ бир диний кызматкерлердин жана динге ишенгендердин нааразычылыгын жараткан.
Буга байланыштуу Башкы прокуратура жазуучуга кылмыш ишин козгогон. Журналист өзү анын китебинде араздашууну тутанткан, динге көлөкө түшүргөн чакырыктар жана элементтер жок экенин билдирген.
2017-жылдын 12-сентябрында Биринчи Май райондук соту аны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин 1-бөлүгү («Улуттук (улуттар аралык), расалык, диний же региондор аралык кастыкты козутуу») менен күнөөлүү деп тапкан жана аны күчөтүлгөн тартиптеги колонияда 4 жылга эркинен ажыраткан.
Ошол эле жылдын 29-сентябрында Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөртүп, Сапановду эки жылга шарттуу кескен. Андан кийин ал камактан бошотулган.
2022-жылдын июнь айында Жогорку Сот эки инстанциянын чечимин жокко чыгарып, ишти Биринчи Май райондук сотуна кароого жөнөткөн.
Булак: NazarNews.kg