www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналисттерди каралоо кампаниясын кимдер уюштуруп жатат?

Соңку убактарда журналисттерди каралоо кампаниясы атайын уюштурулуп аткандай элес берүүдө. Маселен, Нургазы Анаркуловго подстава жасашып, кармашып, жок акчаны сураган таризинде каралап салышкан. Ал жагы сынды. Эми Үмүт Муканбетовага «сайтынан материалды өчүрүү үчүн акча талап кылган» деген айып тагышып, камашты. Мындай жагдайда ачык эле чагымчылык жасалганы байкалып турат. Атайын бирөө барып, торго илүү үчүн баш айлантып, уюштурду да.

Кыскасы, кайсы бир күчтөр айыптары чыгып калуусунан коркушуп, алдын ала журналисттерди каралоо кампаниясына өтүшкөндөй. Мындай кысымдар Акаев, Бакиев, Атамбаев, жадагалса Сокенин доорунда да боло келген. Бирок, чыныгы калемгерлер чыйралышат. Бүгүнкү бийлик эски каталарды кайталоодон алыс боло алабы?

Кеп мына ушунда!

Булак: Азия News гезити

Последние новости