www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башына келгенден беш ай өткөн соң Садыр Жапаров Москвага иш сапары менен барып Владимир Путин менен жолугушту. Буга чейин бир ирет Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев иш сапары менен барып пресс-конференцияда кыргызча суроо берген журналистке кыргызча жооп бере койом деп, жыландын куйругун басып алган. Орусия тараптан сегиз орун басарлуу финансы министрине 623 млн рубль берерин айтылды. Ал эми Путин Жапаров менен жолукканда көп нерседен буйтап өтүп, орус тилинин Кыргызстандагы статусу тууралуу кеп кылып, бизде орус тилинин статусун мамлекеттик тил катары сактап калганына ыраазычылыгын билдирип, келечек пландарында орус тилин терең өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн түзөрүн баса белгиледи.

Биздин мамлекетте орус тилинин официалдуу макам алып жүргөнүнө ар кандай көз караштагы адамдар бар. Кээ бирөө таптакыр эле орус тилинен статусту алып салыш керек десе, Ирина Карамушкина сыяктуу депутаттар орус тилине официалдуу тил берилишине макул эмес, мамлекеттик тил берилиш керек деп чыгышууда. «Мамлекеттик тил» боюнча каралган маселе учурунда депутат Ирина Карамушкина орус тилин мамлекеттик тил кылууну сунуштаган. Депутат Каныбек Иманалиевдин диссертациялар кыргыз тилинде корголушу керектигин айтканда Карамушкина буга каршы чыккан: «Биз светтик өлкө деп жарыяланганбыз. Эгерде Кыргызстанда эки тил, орус жана кыргыз тилдери мамлекеттик болсо, анда эмне болот? Көпчүлүк үчүн жумушка орношууда кыргыз тилин билбегендик чектөө болуп калды. Мага жумуш табууга жардам сурап бир нече адам кайрылышты, бирок мамлекеттик тилди билбегендиктен баш тартышты. Бүгүнкү күндө, мисалы, өкмөттөн мамлекеттик тилде гана билдирүү келди. Орус тилдүү жарандарга мамлекеттик тилде жооп берилет. Өкмөт мындайын токтотуусун талап кылам» - деген Эл өкүлү.

Эми дүйнөгө келели. Молдованын Конституциялык соту орус тилине улут аралык тил деп макам берген чечимди Башмыйзамга каршы келет деп тапты. Мындай арыз менен үч оппозициячыл депутат сотко кайрылган. Алар бул документ көпчүлүк жарандардын укуктарын бузуп, мамлекеттик тилдин ролун төмөндөттү деп жүйө келтирген. Конституциялык соттун төрайымы Домника Маноле «бул чечим акыркы жана даттанууга жатпайт», деп билдирди. Конституциялык сот Молдаванын парламенти 2020-жылдын 16-декабрында орус тилине өзгөчө макам бергени өлкөдөгү башка улуттук азчылыктардын тилине карата укугун бузарын белгилеген. Молдовада парламент былтыр декабрда өлкө аймагында орус тилине «улут аралык баарлашуу тили» деген расмий макам берген мыйзам кабыл алган. Мыйзамга ылайык, өлкөдө мамлекеттик кызматкерлер жарандарга орус тилинде да маалымат берүүгө милдеттүү. Мыйзамга былтыр жыл аягында кызматтан кеткен орусиячыл президент Игорь Додон мөөнөтү бүтүп жатканда кол коюп кеткен. Былтыр ноябрдагы шайлоонун экинчи айлампасында Мая Санду жеңип чыгып, кызматка киришти. Дүйнөлүк банктын мурдагы экономисти Санду Батыш өлкөлөрү менен жакын мамиле курууну көздөйт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости