www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облусу боюнча Чек ара кызматынын чек арачылары 2021-жылы 24-февралда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган кыргызстандыкты кармашты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек арада кызмат өтөп жаткан кызматкерлер Казакстандан Кыргызстанга багыт алып, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаранды кармашкан.

Сурамжылоонун жүрүшүндө мыйзам бузуп кармалган жаран 1974-жылы туулган КР жараны “К.А” экени белгилүү болгон.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран мындан ары териштирүү үчүн компетенттүү орган кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости