www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Атамбаевди жакшы билесиз да. Жеңил-желпи “жан” бербесе керек?

--Алмаз саясаттагы куулугу боюнча алдыңкы адамдардын бири, оңой эле “жан” бейберт. Муну эки дос тиреше баштаганда эле айткам. Түрктөрдүн Сулайман султан тууралуу “Даңазалуу доор” сериалы бар эмеспи. Бул тиреш дагы ошол сыяктуу улана берет деген ойдомун. Бүгүн Алмаздын ичи өрттөнүп жатса керек. Өзү тарбиялаган балдар өзүнө каршы чыгып жатса.

--Өзү тарбиялаган балдар жөнү жок эле каршы чыгып жатпаса керек? Сооронбай Жээнбековду куурчак катары пайдаланып, “аталык” сыяктуу өлкөнү өзүм башкара берем деген кыялы ишке ашпай калды деп айтылып жүрбөйбү?

--Алмаздын кандай ою болгонун ичине кирип билбеген соң айтуу кыйын. Бирок, ар бир адам өзүнүн келечегин ойлошу керек. Сооронбайды президент кылып алып келгенден кийин, балдарынын тизгинин тартып, жарга такабастан, мамлекеттин ишине кийлигишпей тынч олтурса деле жетмек. 50 жыл иштеген дарыгер 5-6 миң сом менен пенсияга чыгат. Алмаз болсо 100 миң сомдон ашык акча алат ай сайын. Үйдү болсо ата-бабамдын жери деп заңгыратып салды. Ошондон кийин жаба турган жерин жаап, кыса турган жерин кысып олтурбайбы.  Адам дегендин көзү тоюш керек. Тойбой эле жулуна бергендин арты жаман менен бүтөт. Алмаз өзү “Апрель” телеканалынан чыгып алып “Мен Сооронбайды чакырып алып аны айттым. УКМКнын төрагасын чакырып алып тигиге тийбе дегем... Муну бекер эле каматыптырмын...” деп айтып жатпайбы. Кеттиңби, өзүңдүн ордуңду билир тынч олтурган жакшы. Экөөсүнүн ортосундагы талаш-тартыштын зыяны элге тийип жатат. Коомчулукту түндүк-түштүк эмес, кокту-колотко бөлүп салууга алып баратат. Атамбаев болсо элдин алдына чыгып алып эмне деген гана сөздөрдү айтып жатат. Экөөсү тең 60 жаштан ашты. Токтош керек, уят. Экөөсү ээн жерге чыгып алып эркекче сөгүшүп, маселесине чекит коюп алышпайбы.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости