www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Кыдыршаевич ачыгын айтсам, өлкөдөгү көптөгөн, эң оор жүктөрдү мойнуна алып алган. Ошондуктан, керек болсо Ташиев өрт өчүргүч "пожарный", тез жардам "скорый помощь" сыяктуу иштеп жатканы факт. Мындай пикирин экс-депутат Жылдыз Жолдошева "Фейсбуктагы" баракчасына жазып чыкты.

Айтымында, ага көптөгөн журналисттер, мекендештер ар түрдүү багыттагы суроолорду узатып жатышат.

"Тилекке каршы убакытымдын жетишпегенине байланыштуу ФБ баракчам аркылуу ар бир сурооңорго, мүмкүнчүлүгүм болгон учурда ирээти менен жооп берүүнү туура чечтим.

Камчыбек Ташиев жөнүндөгү сурооңорго жооп.

Камчыбек Ташиев кандай инсан?

Камчыбек иним, коллегам, мурунку соратнигим, өтө жөнөкөй, кичи пейил, боорукер, адамгерчиликтүү, чыныгы мекенчил.

Достукка бекем, жакшылыкты унутпаган, кек сактабаган, ак көңүл, айкөл. Бей-бечарага өзгөчө көңүл буруу менен чектелбестен, колунан келген жардамын аябаган мырза жигит.

Кайрымдуулук иштерди илгертен бери эле жасап келе жатат. Энелерди башкача сыйлайт.

Бирок, эмоционалдуу жана импульсивный...эмоция өзү өзгөчө касиет адам баласындагы. Ар бир маселени, жүрөгүнөн өткөрө алган адам гана эмоционалдуу болот. Кайдыгер болгондон көрө, эмоционалдуу болгон жакшы деп эсептейм.

Азыркы бийликте болуп жаткан терс көрүнүштөргө Ташиев күнөөлү деген коомдо пикир жаралып калды, буга сиздин оюңуз кандай?

Туура суроо...Ошондой пикир коомдо орнолуп бара жатат. Арийне, бул пикир туура эмес, атайын кайсы бир күчтөр аркылуу жаралган пикир десем жаңылышпайм.

Камчыбек иним, Баткен окуясында "отпор" берет эле, эгердебашкы командачы өзү болгондо.

Коррупционерлерди баарын четинен камап келе жатат, бирок бошоткондор башакалар...соттор, кээде Президент, өзү айткандай мен бошотттум деп...

Ширшовту камады, бошоткон башкалар...

Аялдарды Кемпир-Абад боюнча камабагыла деди, Ташиевти угушкан жок. Камашты...

Дагы көптөгөн терс маселелерде Ташиевтин тиешеси жок.

Ооба, кээ бир маселелерде Камчыбек Ташиев тарабынан катачылык кетирген мезгилдери жок эмес.

Өмүрбек Суваналиев өз маегинде айта кетти, Ташиевтин "жинди" - деген маалым каты бар деген? Сиз Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Ахматбек Келдибеков, Нариман Түлеевтердин тагдырына кайдыгер карабаган, керек болсо алар абдан кыйноого, акыйкатсыздыктын, мыйзамсыздыктын сазына баткан учурда башкаларга окшоп "таштап" кеткен эмессиз. Керек болсо, жалгыз калсаңыз да, коллегаларыңызды "сатып" кетпедиңиз. Деги ушундай маалым катты медэкспертиза чыгарганбы?

Ташиев жөнүндө мындай маалым катты эч ким чыгарган эмес. Башкача айтканда андай маалым кат жок.

Окуя мындай болгон. Данияр Нарымбаев, анда АПтин аппарат жетекчиси эле.

Данияр Ильич Ташиевке келет, ооруканага. Сиз тосмодон ашкан учурда аффек абалында болгонуңузду текшерүү боюнча медкомиссия түздүк. Каршы болбосоңуз, медиктердин суроосуна жооп берип койсоңуз деген суроо салат. Камчыбектин дагы бир мүнөзү бар "хитрый" эмес, жүрөгүндө кири жок адам болгондуктан макулдугун берип коёт.

Бул жөнүндө адвокаты И. Айткулов билбейт, мен да билген эмесмин.

Адвокаты, Икрам мырза мага чалып, чоо жайды түшүндүрөт. Албетте биз ооруканага учуп бардык. Ошондогу бийликтин жаман ою болгону ырас.

Ошол эле учурда медиктер да "заказды" аткаруудан баш тартышкан.

Суваналиевтин маегинде көп нерселер туура айтылган, бирок ушул маселеде так, тастыкталган маалыматты айтпаганы өкүнүчтүү... мен сыйлаган генералдын.

Эгерде Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевтин бийликте бара жаткан жолдору эки ачакай болуп кетсе эмне болушу мүмкүн?

Мен, эки достун эжеси катары ачуу чындыкты аларга өз убагында айтып келе жатам. Ага, коомчулук сиздер күбөсүздөр.

Албетте чындыкты айткан инсандарды бийликтегилер жактырбайт экен. Жактырбаса...жактырышпасын. Президент, же экөө жасап жаткан ар бир нерсе, экөөнүн гана тагдырына тиешелүү болгондо, мен эчтеке деле айтпай, жазбай деле коёт элем. Тилекке каршы, эки достун жасаган иштери эле эмес, сүйлөгөн сөздөрү мамлекетибиздин, элибиздин тагдырына түздөн-түз тиешеси болгондуктан...чындыкты өз убагында айтууга мен милдеттүүмүн. Анткени, алардын бийликке келишине менин да түздөн-түз тиешем бар экенин, эл-журт өзүңөр билесиңер.

Камчыбек Кыдыршаевич ачыгын айтсам, өлкөдөгү көптөгөн, эң оор жүктөрдү мойнуна алып алган. Ошондуктан, керек болсо Ташиев өрт өчүргүч "пожарный", тез жардам "скорый помощь" сыяктуу иштеп жатканы факт.

Чек арада чыр чыкса...Ташиевтен башка кайсы генерал барып койду? Же Ташиев кызматынан кетсе кайсы генерал барат?

Эми сурооңузга жооп:

С. Жапаров менен К. Ташиевтин жолдору эки ачакай болуп кетсе...ошол замат Садыр Жапаровдун империясы кулайт, бул дагы ачуу чындык", - деди Жолдошева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости