www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл башынан бери Кыргызстандын экономикасы 9,4% начарлады

Кыргызстанда ички дүң өнүм (ИДӨ) быйылкы жылдын январь-март айларында, баштапкы эсептөө боюнча, 118 миллиард сомдон ашык сумманы түзүп, былтыркы жылдын январь-мартына салыштырганда 9,4 пайыз төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

«Кумтөр» кени боюнча ишканаларды эске албаганда быйылкы жылдын алгачкы үч айында ИДӨнүн көлөмү болжол менен 106 миллиард сомду түзүп, 4,5 пайыз төмөндөдү.

ИДӨ - өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү. Ал экономиканын эң негизги көрсөткүчү катары каралат.

2019-жылы Кыргызстандын ИДӨсү Улуттук статистика комитетинин такталган эсебинде 618 млрд сомдон ашкан. Көрсөткүч 2017-жылы 530 млрд сомдон, 2018-жылы 569 млрд сомдон жогору болгону такталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости