www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет жакта жүргөн кыргызстандык окумуштуулардын базасы түзүлөт

Билимдүү адистерди өлкө экономикасынын өнүгүшүнө пайдалануу — Билим берүү жана илим министрлигинин стратегиялык багыты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Догдуркул Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, чет жакта жүргөн кыргызстандык окумуштуулардын базасы түзүлөт.

«Пандемияда Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов сыяктуу мекендештер технологияларды өздөштүрүү багытында жардам берди. IT тармагында иштегендер колдоо көрсөтүүдө. Асел Сартбаева STEAM’ды жылдыруу боюнча устат болуп иштеп жатат. Мындай атуулдарыбыз өтө көп, алардын башын бириктиришибиз керек. Алардын жүрөгү «Кыргызстан өнүксүн» деп согот, кейийт, кайгырат, биз менен тагдырлаш. Алар жардам берүүгө даяр», — дейт Кендирбаева.

Ал мындан сырткары каалаган реформаны жүргүзүп жиберүү үчүн министрлик сыйкырчы уюм эмес экенин эске салды.

Ата-энелерге балдарын окутууга, тарбиялоого олуттуу көңүл буруу сунушун берди. Ошол эле учурда мигранттардын балдарына тынчсызданарын да кошумчалап өттү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости