www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тынч митинг, бул демократиянын күзгүсү. “Кыргыз Республикасы демократияны туу туткан өлкө”, деп дайыма жар салып келебиз. Анда бүгүн эмнеге элге күч колдонулду? Өзү Садыр Жапаровту ушундай жол менен камакка алуу керек беле?

Жаш балдарды ушунчалык кордоого кимдин дити барды, баарыбыз бала деп жашап келебиз. Укук коргоо органдардын кайсы кызматкерлери, чырпыктай болгон балдарды ур-токмокко алышты, иликтөө керек.

Албетте алар өз жазасын алышы зарыл. Ал эми, жабыр тарткан балдарга жардам көрсөтүлүшү керек тез аранын ичинде.

Эмне деп жазышымы да билбейм, жан дүйнөм ооруп турат... Бийлик, ар бир кадамын ойлонуп, иш жасабаса мындан ары, абал оорлошуп кетиши мүмкүн. Кыргыз эли, шордуу эл белек... Аттиң...-, деген пикирин экс-депутат Жылдыз Жолдошева билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости