www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жылдын 21-март күнү да кирип келди. Кыргызстаныбыздын бүт аймактарында, элибиз сүмөлөк жасап, жараткандан жакшы тилектерибиздин аткарылышын тилеп жатышкан учуру. Нооруз, кыргыз эли үчүн өзгөчө майрам. Биринчи иретте кечиримдүүлүктүн майрамы десем жаңылышпасам керек. Ошондуктан, мен айрыкча бийлик төбөлдөрүнө айтаар элем, кечиримдүү болуу менен, канткенде биз "өч алуу айлампасынан" чыгабыз деп. Себеби, өч алуу айлампасын, бүгүн, Нооруз күнү токтото алсак деген тилегими, ачык айтайын, кудайдан суранып турам. Тилекке каршы түзүлүп калган айлампадан чыга албасак, анда биз эч качан өнүгүп-өсүү жолуна түшө албайбыз.

Андыктан, Президенттен баштап, бийликтеги бүт мырза жигиттер, айрыкча саясатчылар келгиле, бүгүн, улуу Нооруз күнүндө бири-бирибизди кечиришип, бир гана мамлекет, эл үчүн кызмат кылууга бел байлап алдыга жылбайлыбы. Кудай баарыбызга ыйман берсин, ал эми мен кадырлаган кыргыз элиме тынчтык, эл арасында ынтымак, ар бир үйдө бакубаттуулук болушун каалап, баарыныздарды майрамыныздар менен чын дилимден куттуктайм.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости