www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Жылдызкан Айтибаевна, «Курманжан Датка»  орденин Германиянын канцлери Ангела Меркелге берди, кыргыздан чыккан аял президент Роза Отунбаевага берсе болбойт беле?

-Курманжан Датка ордени КРнын мамлекеттик ордени болуусунун идеясы Курманжан Датка фондуна таандык.   1995-жылы Фонд түзүлгөндө биз көптөгөн идеяларды, долбоорлорду (проектилерди) иштеп чыкканбыз жана КР Президенттерине, Парламентке, өкмөтүнө сунуштаганбыз. Бүгүнкү күнгө бир гана долбоорубуз калды ишке ашырууга, ал Бишкек шаарында Курманжан Датканын музейин куруу. Биздин идеялар, долбоорлор негизинен Улуттук Илимдер Академиясынын окумуштуулары менен алгач талкууга алынып, андан кийин Маданият министрлигинен өткөн соң гана, КРнын  өкмөтүнө жөнөтүлүп төмөнкү долбоорлорубуз ишке ашкан.

  1. Курманжан Датканын элеси түшүрүлгөн дүйнөлүк почталык марка жарык көрдү-2001 жылы;
  2. Эки китебибиз:  «Тоо ханышасы Курманжан жана анын мезгили», «Алай ханышасы Курманжан» аттуу китептер -2002,-2011-жылдары басылып чыкты;
  3. Бишкек шаарында Датканын эстелигин тургуздук, кыргызстандыктардын колдоосу менен – 2004-жылы;
  4. «Тоо Ханышасы» аттуу даректүү тасма чыкты 2010-жылы, ал эми 2014- жылы «Курманжан Датка» улуттук тарыхий тасмасы жарык көрдү.
  5. «Курманжан» деген ат менен балет коюлду-2011 ж.;
  6. Курманжан Датка атындагы тарыхий-мемориалдык комплексин куруу болчу, тилекке каршы оппоненттерим саясатташтырып салган, о.э. жер налогун киргизип, долбоорду ишке ашырууга 20 млн.долл сумма каражатын табылбаган соң, комплекс курула турган 15,6 га жерди, Фонд  толугу менен Маданият министрлигинин карамагына өткөрүп берген-2014-жылы ;  
  7. Фонддун демилгеси менен Улуттук банк алтын, күмүш монеталарын чыгарды, ошондой эле  Курманжан Датканын аты самолетко ыйгарылды-2013-2014-жылдары.
  8. Ал эми Курманжан Датка орденин чыгаруу 2011-жылы Датканын 200 жылдык маарекесине арналган болчу. Дагы башка долбоорлорубуз ишке толугу менен ашты. Ошондуктан, биз официалдуу түрдө, биринчиден кыргызстандыктарга, экинчиден Улуттук Илимдер Академиясына, Президенттерге, Парламентке, өкмөткө ыраазычылык билдиргенбиз, дагы бир жолу сиздердин гезит аркылуу билдирип кетүүгө руксат этиңиздер.   Эми, Роза Отунбаевага орденди берсе болбойт беле деген сурооңузга, мындайча жооп берейин. Курманжан Датка элин, жерин сактап калыш үчүн, кан төгүлбөсүн деп баласын курмандыкка чалган. Аттиң, Роза Отунбаеванын өткөөл мезгилдеги президент учурунда кан, суудай акты десем аша чаппагандык болот деп эсептейм.  Орден Мамлекетке таандык болгон соң, кимге берүүнү Президенттин алдындагы  Комиссия чечет.

Бирок, Курманжан Датканын ордени  чыгып, албетте улуу иш болду, ушул улуулукту биринчи болуп, «ырым» деген жакшы нерсе бар, улутуздун бир улуусу алса экен деген тилегибиз болгон, Күлүйпа Кондучалова «по смертно», же болбосо Кайыргүл Сартбаева СССРдин Эл артиси, же Жамал Ташибекова Мамлекеттик ишмер.

Учурда “Курманжан датка” ордени боюнча ызы-чуу түшүп жатасыздар. Негизи орденди президент Алмазбек Атамбаев атайын буйрукка кол коюп, мамлекет буйрутма берип, эскизин жазатып жатпады беле? “Курманжан датка” ордени сиз жетектеген фонддун жеке менчигине карайбы?

-Бул сурооңузга жооп берээр алдында, мен ордендин кантип жаралганы боюнча кыскача айта кетейин. Башында айттым, Курманжан Датка орденин мамлекеттик деңгээлде болуу идеясы талашсыз Фондко таандык экенин, орденге дейри жогоруда айткан долбоорлорду ишке ашырган соң, башкача айтканда  датканы дүйнө жүзүнө тааныткандан кийин орденди чыгарууга бел байлаганбыз. Аны Датканын 200 жылдыгына байланыштырдык. Биринчи жолу, 2009-жылы ошол мезгилдеги Игорь Чудинов КР Премьер Министри уюштуруу комитетинин төрагасы болуп буйруктун негизинде бекитилет. Ошондо эле,биз тараптан орден боюнча маселе көтөрүлгөн. Бирок, 2010-жылы төңкөрүштөн соң  Алмазбек Атамбаев уюштуруу комитетинин төрагасы болуп кайрадан бекитилет, ошону менен бирге комиссия түзөт. Комиссиянын курамына  көптөгөн атактуу окумуштуулар жана коомдук ишмерлер кирген.  Парламенттен 5 депутат  мүчө болуп, Жылдыз Джолдошова, Равшан Сабиров, Бөдөш Мамырова, Галина Скрипкина, Канат Исаев киришет. Төрагасы ошондогу аппарат жетекчиси Ж. Жолдошев эле. Ордендин эскизин комиссия жактырып, Президент А. Атамбаев бекиткен, «Кыял» бирикмеси орденди иштеп чыккан. Андан кийин Парламент Курманжан Датка орденин мыйзам катары карап, үч окуудан кабыл алгандан кийин,  мына жакында гана Президент тарабынан мыйзамга кол коюлду.  Курманжан Датка ордени Фондун менчигине кирбейт, идея, долбоор гана Фондко тийешелүү.  Учурдан пайдаланып айткым келет, кайсы бир өкмөттүк эмес уюмдар, кээ бир депутаттар Курманжан Датканын медалын биздин атуулдарга ыйгарып жүрүшөт.  Ошону токтотушса. Биздин Фонд Курманжан Датканынын басып өткөн жолун дүйнө жүзүнө жеткирүүдө орчундуу иштерди жасадык, 22 жылдын ичинде. Керек болсо биз ошондой популисттик жолго барган жокпуз. Датканын медалын чыгарып ар кимге ыйгарганы, бул көрүнүш датканын басып өткөн тарыхый жолун төмөндөтоөт. Негизинен Мамлекеттик орден болгондон кийин, өкмөттүк эмес уюмдардын мындай кадамдары мыйзамсыз. Эгер, алар ошол кадамдарын токтотушпаса, тиешелүү органдар чара көрөннрпт деп ойлойм.

-Алмазбек Атамбаев Ош окуясы боюнча “Евроньюс” теле каналына маек берип жатып “мен окуя болгон жерге баргам” деп айтты. Чындыгында Роза Отунбаева барып жүргөнүн көргөнбүз. Ош окуясын иликтеген комиссияда бар элеңиз. Алмазбек Атамбаевди барганын айтышты беле?

Роза Отунбаевага 2010-жылы 19-майда мен Оштон келгендин кийин кирип Ош окуясы болоорун айтсам, ВЧ телефон аркылуу кээ бирөөлөр менен сүйлөшүп андай болбой турганын айтты. Бирок, жок дегенде өзгөчө кырдаал  киргизиңиз десем  болбой койду. 2-июнда кирип, кайра элдин үнүн жеткизгенге аракет жасадым, бирок үнүм жеткен жок.  Коргоо министрлигин ошондой эле Улуттук гвардияны жөнөткүлө Ошко деп айтсам, анда биздин бийликти ким коргойт дейт. 8-июнда Надира Нарматова, Шарапат Мажитовалар Отунбаевага кирип, алар да элдин үнүн жеткизе алышпады. Андан соң,10-июнда эмне болгонун билесиңер. Кадимкидей согуш болду, Ак-Буурадан суу эмес, кан акты. КТР музыкасын коюп туруп алды. Убактылуу өкмөттүн  мүчөлөрүнөн Исмаил Исаковтон башкасы барбады, баргандары 10-июнда эле кайра Бишкеке келе беришти. Ошондо 17-июнда телефон аркылуу Отунбаева экөөбүздүн ортобузда ачуу сөздөр айтылып кетти, бир туруп Роза эжеге ачуум келсе, бир туруп аял киши катары боорум ооруду. Бирок, Отунбаеванын Ошко келишин мен ошол телефондук сүйлөшүүдө талап кылгамын, бул жөнүндө Парламенттик комиссияда да ачык айтылган. Ал мезгилде Алмазбек  Атамбаевтин Ошко барганын укканда, көргөн да жокмун.

-Жакында эле жергиликтүү шайлоого партияңыздар менен катышып көрүп, эл билбеген ыпластыктарды байкап көрдүңүздөр?

- Шайлоо мыйзамы аркылуу башкача айтканда АСУ деп коёт, автоматикалык эсептоо урнасы аркылуу каалаганын жасап жатышат. Ошондуктан, уч партия биригип «Аалам», «Ар-Намыс», «Бутун-Кыргызстан», азыркы учурда конституциялык шайлоо мыйзамына толуктоолорду киргизип жатабыз. 27.02. Ак Кеме мейманканасында тегерек стол өткөрдүк. Мыйзамды калыбына келтирмей сайын, биздин өлкөдө таза, ачык, мыйзамдуу шайлоо өтпөйт. Ушундай жол менен бара берсек, мамлекеттүүлүккө доо кетирип алышыбыз мүмкүн. Ошондой эле  шайлоочулар да добушун сатууну токтотуш керек, ар бирибиздин мекенчил болушубузга убакыт келди.

-Бажы биримдигине кирүүнүн бизге ушунчалык зарылдыгы бар беле? Себеби учурда Казакстан ар кайсыл шылтоолорду айтып, сүт продукцияларын, мөмө жемиштерин албай жатат, Россия эттерден баш тартууда.

-Бажы, экономикалык союзга кирүү бул мезгилдин талабы. Ал эми өкмөт ушул маселени чечүүдө чабал кадам таштап жатканы  бул башка маселе. Тийиштүү тармактарга багытталган лабараторияларды ачсак, сиз айткан маселелер чечилишине ишенимдүү айта алам.

-Келе жаткан президенттик шайлоодо “СДПК” өзүнүн талапкерин сунуштабасын деди Өмүрбек Текебаев. Муну колдойсузбу?

-Бир эле СДПК партиясынан эмес, Убактылуу өкмөттүн  бир да мүчөсү президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүүгө моралдык укугу жок.

Учурда “Ата-Мекен” фракциясынын баш көтөргөн депутаттарынын баарына кылмыш ишин козгоп жатат. Сиз муну саясый куугунтук болбосо президент менен Текебаевдин соодалашуусу деп баалайсызбы?

-Текебаев, Салянова, Нарымбаевтер өз учурунда  кылмыш кодексинде жазылбаган, бирок бир нормаларды укук талаасына киргизишип, башкача айтканда  аркылуу «мынча суммадагы пара бергемин»- деген көрсөтмөлөр менен көптөгөн кишилерге кылмыш ишин козгошуп, алардын тагдырларына эбегейсиз доо кетирүү менен чектелбестен, алардын өмүрүн кыскартышты. КР ЖК  V-чакырылышында 17 депутатка кылмыш ишин ушул бийлик ачты. Спикерден баштап, көпчүлүгүн камашты. Ошондо мен, коллегаларыма боор тартып, жок дегенде үй камагына которуп коюууну сураганда  Текебаев айтат эле: «Вор, взяточник, должень сидеть в тюрме»-деп. Жогорку Кенеште талкууга алалы десек, албайбыз бул күч органдарынын иликтөөсүнө кысым, андай болбойт дейт эле. Митингге чыккан элди, камаш керек десе Текебаев, Салянова көптөгөн карапайым элди, камады. Азырчы, Салянова өзүнө келгенде 180 градуска бурулду, жол тоскондорду, митингге чыккандарды камоо бул мыйзамсыз деп. Күйөөсүнө,  агасына тийиштүү  кылмыш иштерди кысым катары айтып жатат, бул эки жүздүүлүк. Мен айтып жаткан ачуу чындык, аларды табалоо эмес, же бир аларга болгон капачылык да эмес, бул факт. Башкаларга сабак болсун, ор казсаң терең казба, же бумеранг бар экенин унутпа дегеним.

-Атамбаевдин мураскору ким болот деген ойдосуз?

Атамбаев мураскер калтырбайм деп убада берген, убадасына турат деп ишенип туралы. Экинчиден кыргыз эли, эркин эл, өз киндигин өзү кесе алат. Бир гана айта турган нерсе, талапкерлерге добушту сатып алба, ал эми шайлоочуларга айтаарыбыз, «добушуңду сатпа, эгер сен патриот болсоң».

Сизди дагы президенттик шайлоого аттанат экен деген сөздөр айтылып калууда. Шайлоого катышсам деген ой барбы?

-Биринчиден коомчулук билет, азыркы учурда мен «Аалам» саясий партиясынын тең Төрагасымын, Арсланбек Малиев экөөбүз ушул партияны жетектейбиз. Шайлоочуларым  президенттикке талапкерлигиңизди койсоңуз деген сунуштарды ачык эле, социалдык сеттерге коюп жатышат. Бирок, биз партиялаштар бул маселени азырынча карай элекпиз. Дагы убакыт бар, өз мезгили келгенде, сөзсүз оюму коомчулукка жеткирем.

Баяна Кулова, "Жаңы ОРДО"

 

 

Последние новости