www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу мекендештер! Мага саясатчы катары, журналисттер ар түрдүү суроо беришет. Мен ал суроолорго, адилет жана калыс жооп берүүгө аракет жасайм. Суроолорду мен тандабайм, о.э. мурунку депутат мезгилимдеги сүйлөгөн сөздөрүмдү, макалаларымды көптөгөн ММК колдонуп жатыптыр, ал алардын абийиринде болсун.
Форумда сүйлөгөн сөздөрүмдү ыңгайлуу жерлерин көрсөтүп жатышыптыр, толук берилгенде мазмуну башка. Мен, эч качан бийликке да, Текебаевге да тартпайм, себеби алар "табакташ". Текебаевти эч ким табалаган жок. Себеби мен биринчи иретте аялмын, энемин, 17 депутатка кылмыш ишин Атамбаевтин бийлиги, Салянованын колу менен козгогондо, эмнегедир УО мүчөлөрү Отунбаева, Текебаевтер ж.б. республикабыздагы демократия жөнүндө, адам укугу тебеленип жатканын, эл өкүлү, депутаттар эле деген ж.б. азыркы айтылып жаткан сөздөр айтылбаганын, б.а. кечээки эле тарыхты, 17 депутаттын укугу тебеленген күндөрдү күбө катары берилген суроолорго жараша жооп берүү менен, коомчулуктун эсине салып коюп жатам.
Ошол тарыхты бурмалоого аракет жасап, “Жолдошова, Текебаевди табалап жатат” деген инсандарга айтат элем, Жолдошова Текебаевти табалаган жок, ал жерде жылаандын баласы да жатпасын. Тарыхтан саясатчылар сабак алса экен, бири-бирине ор казбаш керектигин, жашоо бумеранг экенин, мурунда эскерттим эле, азыр да эскертем. Ата-Журт партиясынын депутаттары көргөн азаптарды, бир да партия көрбөсүн деп, бул ачуу чындык. Ал эми Текебаевге биринчиден ден-соолук каалайм. Экинчиден мыйзам ченеминде күрөшүүнү айтып жатам. Мени ошол эле Ата-Мекен партиясы, анын мүчөлөрү, өзү Текебаев сотко берген. 7 соттук процесс 6 жылдан бери уланып келе жатат, мен мыйзам ченемдүү күрөшүп келе жатам, эч кимге арызданбай, себеби мыйзамдуу күрөш гана акыйкатка жеткирет.
Сиздерди урматтоо менен Ж. Жолдошова
Булак: NazarNews.kg