www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн — Кыргызстанда шайлоо алдындагы "жымжырт күн". Ага ылайык, добуш берүүдөн 24 саат мурун, тагыраак айтканда, 27-ноябрь саат 8:00дөн баштап талапкерлер үгүт кампаниясын жүргүзө алышпайт.
Мындан тышкары, БШКдан каттоодон өткөн теле, радио, интернет-сайттар, гезит-журналдар аркылуу үгүт материалдарын жарыялоого тыюу салынат. Ушундай эле максатта эл чогултууга дагы болбойт. Көчөлөргө илинген баннерлер да алынышы шарт.
Бардык каржылык операциялар, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсептер боюнча эсептешүү добуш берүүдөн бир күн мурун саат 18:00дө токтотулат.
Мыйзамга каршы үгүт иштери жүргүзүлгөн учур катталса тиешелүү чаралар колдонулат.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Анда 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышат.
Булак: NazarNews.kg