www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы маданият үйүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан акча каражаттарын ыйгарып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Тактап айтканда, маданият үйүнүн финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында кызмат адамдары тарабынан 5 млн 255 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ыйгарып алуу жана кызматтык автоунааны эсептик баасын төмөндөтүү жана документтерди жасалмалоо жолу менен мыйзамсыз эсептен чыгаруу фактылары такталган.

"Текшерүүнүн жыйынтыгы жана чогултулган материалдардын негизинде УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) негизинде кылмыш иши козголуп, мурдагы директор Н.Ж.Н. жана башкы бухгалтер Б.А.Р. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", деп айтылат маалыматта.

      Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости