www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Албетте “ушул кантип болсун” деп таң калууга туура келет. Ош облусна караштуу Араван районунун Күндөлүк айылында мектеп жок болгон үчүн мектеп окуучулары бир бөлмөдө тыгылып окуп жатканы жөнүндө кабар эчак эле тараган. Бирок буга көңүл бурган деле киши болбогон үчүн, жергиликтүү калк балдары билимсиз болуп калбасын үчүн, кадимки эле киши жашап жаткан тамды мектеп кылып 1-класстан, 4-класска чейинки балдарды бир бөлмөдө окутуп жатканы илгери заманды эске салат.

Төрт кыласстын балдарына бир мугалим сабак берип жатканын уккан башка жактын кишилери кандай абалда калат болду экен? Ушул заманда дагы ушундай абалда жашаган элдер бар экенин буга чейин айтылган, бирок минген машиналары эле 100миң долларлык көпөстөр, машинсына кеткен акчанын теңин эле берип койгондо бир айылдын мектеп көйгөйү жоюлмак болучу. Бирок өз гана кызыкчылыгын ойлогон чоңдор андай көйөгөйлөргө баш оорутуп эмне кылышат. Айткандай билим берүү министрлиги каякты карап жүрөт болду экен, ушул маселеге көңүл бурбай. Анан кантип өлкө өсөт дагы, өнүгүү болот?

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости