www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Леcбиянкалар күйөөгө тийбейби?

Мен өзүм тартип сакчысы болуп ишке кирип, “элге керегим тийсе экен” деп болгон аракетимди жумшадым. Бир күнү иштен чыгып кечинде пиво ичип бир кафеде олтурсам, бери жакта тамак ичип олтурушкан эки жакшынакай кызга олбурлуу жашы кыркка жакындап калган киши келип тийишип калды. Мен анда гражданский эле кийим менен болчумун. Тиги киши эки кызга жакын келип эле тийише баштаганда, көз жоосн алган чырайлуу эки кыз, эмне кылышты билбей туруп калышты. Чыр - чатак күчөп бара жатканда мен тиги кишини сыртка сүйрөп чыгып, күбөлүктү көргөзүп:

-Байке, кетип калыңыз, болбосо азыр бөлүмгө алып барам-десем тиги киши:

-Ушуларга дагы болушасыңбы? Мейли, мен кетип калам, бирок сен мага кийин түшүнөсүң - деп нары басып кетип калды. Мен тим эле чоң иш бүтүргөнсүп ичкери кирип эки кызга жакын келип:

-Кыздар кандайсыңар, эми эч кабатыр болбой олтура бергиле-десем, экөө мага ыраазы болушуп, бирге олтурууну суранып калышты. Аз-аздан шампан ичип олтуруп кызып калдык. Экөө мени үйүнө барышын өтүнүштү. Караңгылык каптап калган кезде алардын квартирасына келдик. Анан кайра ичимдик ичүү башталды. Ичимдиктин аягы эмне менен бүтмөк эле. Акыры мен, тиги эки кыздын леcбиянка экенин ошондо байкадым. Бирок таң атканча түндү жакшы эле көңүлдүү өткөрдүк. Алардын даамын татып калган жаным эки күндөн кийин торт, шампан алып шадыраңдап квартирасына кирип барсам, экөө мени кабыл албай коюшту:

-Сени биз тааныбайбыз, келген жагыңызга кете бериңиз-деп. Ушундай бир жакшы максат менен барып, эч нерсеге көңүл келбей  шаабайым сууп үйгө кетип бара жатып, баягы кишинин айтан кебин эстедим. Айткандай менде “леcбиянкалар күйөө тийишпейби?” деген ой пайда болду. Анткени эмнеге менден качышты. Балким аларга менин кылган ишим жакпай калган чыгар. Анда алар өмүр-бою бири-бири менен жашап, эне болуу бакытына туш келишпейби. Бул суроого ким кандай жооп берет болду экен. Деги аман эле бололучу, кыздар-кыздар менен жашап, жашоонун шаңы кетип бара жаткандай элес берди.

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости