www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов АКШнын аймагына кирүү үчүн Кыргызстандагы Америка элчилигине виза алууга арыз жазганын айрым ЖМКлар (Ринг кг) өздүк булактарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты. Ошондой эле анын буйругу менен Жогорку Кеңештин депутаты М. Жээнчороев аталган элчиликтин кызматкери Назгуль Акишевага АКШ элчиси менен консулдук маектешүү уюштуруп берүү өтүнүчү менен кайрылганын да жазган.

Буга чейин Бабановдун партиялашы Максат Сабировдун АКШга биротоло көчүп кетүүгө камынып жатканы тууралуу кеп кеткен. Эми анын "кожоюну" Бабанов АКШ элчилиги жакты үмүттүү карап отурат. Бир сөз менен айтканда 12 кылмыш иши боюнча суралып жаткан Бабанов Америкага качып кетүү аракетин көрүп жатабы? Акыркы учурда УКМК менен Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматы Бабановдун кылмыш иштерин коомчулукка билдирбей тергеп жаткандай. Же эмдигиче жең ичинен соодалашып коюштубу? Айтор, Жээнбековдун «балапаны» бир күн бүркүт болуп, учуп чыкса таң калуунун кажети жок. Президент Бабановду балапан дегенин, Кыргызстандагы 35 коррупционердин башында экенин унутуп деле койду окшойт. Бирок намысы болсо бир күнү эстеп калаар.

Булак: "Багыт.kg"

Последние новости