www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина президент Соронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо сунушун киргизди.
Депутаттын бул сунушуна “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Алмазбек Токторов Карамушкинага бир аз болсо да уяты болушу керектигин айтты.
“Мен сизди көптөн бери билем, сиз Атамбаевдин эски тарапташысыз. Эмне үчүн сизде уят деген эми ойгонуп жатат? Сиз эмнеге мурунку президенттин бийлигинде аткезчиилик жана башка маселелерди көтөрүп чыккан жоксуз? Себеби мурун сиздин көзүңүз жумулуу болчу. Сиздин позицияңыз бети жоктук, мен көптөн бери сиздин айткан сөздөрүңүзгө унчукпай, эч нерсе дебей келгем. Сиздин социалдык тармактагы постторуңуз – бул түз провокация. Кой-Ташта туруп, элди толкуткансыз. Мен түшүнөм сиз өзүңүздүн башчыңызды коргоп жатасыз, бирок ошол эле убакта уят деген болуш керек да”, -дейт Токторов.
Булак: NazarNews.kg