www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызгидромет билдиргендей, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Тоолуу аймактардын жолдорунда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +2…+7
күндүз +9…+14
Талас облусу
түнкүсүн +1…+6
күндүз +10…+15
Баткен облусу
түнкүсүн +6…+11
күндүз +15…+20
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +6…+11
күндүз +15…+20
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн 0…+5
күндүз +9…+14
Нарын облусу
түнкүсүн -1…-6
күндүз -3…+2.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан жаап, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. жетип, абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүзгү жогорку температурасы 14…16° жылуу болот.
Булак: NazarNews.kg