www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Нагима Аламанованын жана анын шакирттеринин "Илме" аттуу көргөзмөсүнүн ачылышы өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-март күнү Семён Чуйков атындагы арт-галереясында (Эмен паркы) ачылышы болуп, 30-мартка чейин көрүүчүлөрдү кабыл алат.

Көргөзмөдө керамикалык чыгармалар жана уникалдуу автордук саймалар тартууланат.

"Бул долбоордун концепциясы кыргыз элинин кылымдарды карыткан каада-салтын сактоо жана жайылтуу идеясын билдирүүгө негизделген. Көргөзмөнүн концептуалдык башкы мааниси саймачылык өнөрдүн, анын салттык түрлөрүнүн, аткаруу ыкмаларынын, оймо-чиймелеринин жана колориттик өзгөчөлүктөрүнүн сакталышына, муундан-муунга өткөрүлүшүнө багытталган", — деп жазылат маалыматта.

Көргөзмөгө чыгармачылык менен ойлонуштурулуп, оригиналдуу форматта планаштырылган эмгектер коюлары белгиленген.

Нагима Аламанова — Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, сүрөт искусствосу боюнча илимдин кандидаты. Анын эмгектери Малайзиядагы жеке көргөзмөдө, Италияда өткөн Дүйнөлүк сайма көргөзмөсүндө, Азербайжанда, Өзбекстанда өткөн симпозиумда жана башка көргөзмөлөрдө коюлган.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости